Кытайда Bank of China банкынын экс-башчысына өлүм жазасына өкүм чыкты

  • 2 месяца мурун

Кытайдын Шандунь провинциясында Bank of China башкынын башкармалыгынын мурдагы төрагасы Лю Ляньгэ өлүм жазасына өкүм кылынды. Бул тууралуу “Синьхуа” агенттиги билдирди.  

Сот ошондой эле Лю Ляньгэнин мүлкүн конфискациялоо, аны жарандык укуктарынан ажыратуу чечимин кабыл алды.    

Соттун версиясы боюнча, Лю Ляньгэ 121 милиион юань пара алып, кредит берүүгө мыйзамсыз түрткү болгон. Ал 2023-жылдын октябрь айнынан бери камакта жаткан.

Өлүм жазасы өкүмү эки жылга жылдырылды, эгер эки жыл ичинде Лю Ляньгэ кылмыш кылбаса, өкүм өмүр бою камакка алуу менен алмаштырылат.

Bank of China — Кытайдын эң эски банктарынын бири, ал мамлекеттин менчигинде. Банк дүйнөдөгү эң ири банктардын бири болуп саналат.

Кытайдын бийлиги кийинки кездерде коррупция менен катуу күрөш жүргүзүп келет. 2024-жылдын башынан бери эле 589 миң адам жоопкерчиликке тартылды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты