Кытай талибдердин тушунда Ооганстанга элчи дайындаган алгачкы өлкө болуп калды

  • 8 месяцев мурун

Кытай Кабулдагы бийликти «Талибан» кыймылы басып алгандан кийин Ооганстанга жаңы элчисин расмий түрдө дайындаган алгачкы өлкө болуп калды.

Кытайдын элчиси Кабул шаарында өткөн расмий иш-чарада талибдер түзгөн өкмөттүн башчысына ишеним грамотасын тапшырды. Ошол эле маалда Кытайдын бул кадамы Бээжиндин талибдердин өкмөтүн расмий тааныганын билдиреби-жокпу азырынча белгисиз.

«Бул кадимки эле көрүнүш. Элчини дайындоо Кытай менен Ооганстандын ортосундагы диалогду жана карым-катнашты өнүктүрүүнү улантууга багытталган. Бээжиндин Кабулга карата саясаты ачык жана ырааттуу» деп билдирди Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү.

Бул 2021-жылы августта Кабулдагы бийликти талибдер басып алгандан кийин башка өлкөлөр Ооганстанга өз элчисин дайындаган алгачкы учур болуп калды. Андан бери «Талибан» кыймылы түзгөн ооган өкмөтүн дүйнөдөгү бир да өлкө расмий түрдө тааный элек.

«Талибан» кыймылы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да террористтик уюм деп табылган.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты