Кытай менен дипломатиялык мамиленин 30 жылдыгына карата иш-чара өтөт
- 3 года мурун
Бүгүн, 5-январда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өтөт.
Бул тууралуу Президенттин маалыматтык кызматы билдирди.
Салтанаттуу иш-чараны КТРК, республикалык жана облустук телеканалдар түз алып көрсөтөт.
Түз эфирдин башталышы: 15:50
Муну бөлүшүү