Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорлору боюнча маселе көтөрүлдү
- 2 года мурун
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытайдын Нинся-Хуэй автономдуу районунун Иньчуань шаарында өткөрүлгөн “Кытай — Борбор Азия” 11-кызматташтык форумуна катышты.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат берилди.
Анда айтылгандай, МинКаб төрагасынын орун басары өз сөзүндө Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата ГЭС-1ди жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорлору боюнча маселелерди биргелешип илгерилетүү, ошондой эле масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маалымат берди.
Мындан тышкары, Эдил Байсалов “Кытай менен Борбордук Азиянын кызматташтыгынын жетишкендиктери” фотокөргөзмөсү менен таанышып, 11-кызматташтык форумунун аллеясында көчөт отургузуу аземине катышты.
Сүрөт: gov.kg
Муну бөлүшүү




