Кытай компаниялары Баткендин Ак-Турпак аймагына күн электр станциясын курат. Келишимге кол коюлду
- 3 недели мурун
Кытайдын Сучжоу шаарында өткөн эл аралык форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын энергетика министрлиги менен «States Technology Co., Limited» жана «Сан Энерджи Ко» компаниялары ортосунда Кыргызстанга 250 МВттык күн электр станциясын куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюлду.
Бул тууралуу энергетика министрлиги билдирди.
Документке энергетика министри Таалайбек Ибраев жана инвестор катары «States Technology Co., Limited» компаниясынын президенти Лю Фернандо Оскар жана подрядчы катары «Сан Энерджи Ко» компаниясынын башкы директору Лью Ионгжие кол койду.
Келишим боюнча Баткен облусунун Ак-Турпак айыл аймагына жалпы 669,3 гектар жерге 250 МВттык күн электр станциясын куруу каралган.
Аталган станцияны куруу иштери 2025-жылы баштоо жана 2027-жылы ишке киргизүү пландалган. Бул долбоор ишке ашырылса Ак-Турпак аймагынын тургундарын электр энергиясы менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Күн электр станциясы ишке киргенден кийин андан өндүрүлгөн электр энергияны «КУЭТ» ААК сатып алат.
Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин жетекчилиги алдында Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААКнын башкы директору И.Сыдыгалиев, «Курулуп жаткан электр станциялар дирекциясынын» башкы директору Р.Касымов жана кытайлык Power Construction Corporation of China компаниясы (Power Cnina) менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.
Аталган документтин негизги максаты — каржылоо үчүн эл аралык инвесторлорду жана финансылык институттарды чакыруу, кызматташууну тереңдетүү, долбоорлорду бирге ишке ашырууга багытталган. Ошондой эле акысыз негизде электр тармагын изилдөө жана келечек план түзүү, энергетик менеджер жана инженер адистерди окутуу, Токтогул суу сактагычындагы калкып туруучу күн электр станцияларын куруунун мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө болуп саналат.
Power Cnina компаниясы гидроэнергетика, электр энергетикасы, энергиянын жаңы булактары, энергетикалык тармактар жана инфраструктура секторлорунда пландаштырууну, иликтөөнү, долбоорлоону, курууну жана эксплуатациялоону камтыган комплекстүү кызматтарды көрсөтүүчү энергетикалык объекттерди куруу боюнча кытайлык жана эл аралык алдыңкы ири компания болуп саналат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




