Кытай Айдын аркы бетине космос аппаратын ийгиликтүү кондурду

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 2-июнда, эртең менен Кытай Айдын аркы бетине, караңгы тарабына «Чанъэ-6» космос аппаратын ийгиликтүү кондурду.

Кытайдын космос улуттук башкармалыгы билдиргендей, аппарат Айдын топурагынын үлгүсүн алып келмекчи.

Космос аппараты май айынын башталышында Хайнан аралынын Вэньчан космодромунан учурулган.  

Космостук аппарат 2-июнда эртең менен Айдын ар жак бетине Эйткен аттуу түштүк тарабына кондурулган.  

«Чанъэ-6» аппараты эки күн ичинде Айдын аркы бетинин топурагынын үлгүсүн жыйнамакчы.

Синьхуа агенттиги билдиргендей, аппарат топурактын үлгүсүн алуу үчүн тиешелүү жабдыктар менен жабдылган.

«Чанъэ-6» аппаратынын иши ийгиликтүү аяктаса, кытай Айдын аркы бетинен топурактын үлгүсүн алган жер жүзүндөгү биринчи мамлекет болуп калмакчы.   

Сүрөт: Russian.news.ch

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты