Кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземи болду
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 7-февралда, Кытайдын Харбин шаарында IX Кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземи болду. Президент Садыр Жапаров Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 2025-жылкы IX Кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине барды.
Бул тууралуу президенттик администрация маалымдады.
Салтанаттуу ачылыш Харбин шаарындагы (КЭР) эл аралык көргөзмө борборунда өттү. Ага Пакистандын президенти Асиф Али Зардари, Бруней-Даруссаламдын Султаны Хассанал Болкиах, Таиланддын премьер-министри Пхетхонгтхан Чинават, Кореянын Улуттук жыйынынын төрагасы У Вон Шик жана башка расмий адамдар да катышты.
IX Азия Кышкы оюндарынын ачылыш аземинде Харбинди, Кытайды жана бүтүндөй Азияны камтыган символикалык саякат көрсөтүлдү.
Кыргызстандын улуттук курама командасында спорттун алты түрү: хоккей, керлинг, слалом, лыжа жарышы, биатлон жана көркөм муз тебүү боюнча 40 спортчу бар.
IX Кышкы Азия оюндары 7-февралдан 14-февралга чейин Харбинде өтөт. Ага Азиянын 34 өлкөсүнөн жана региондорунан 1270тен ашык спортчу катышат.
Сүрөт: president.kg