Кышка даярдык: Акылбек Жапаров, көпчүлүк министрлер, мэр ЖК жыйынына келбей, маселе каралган жок

  • 7 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кышка карата даярдыкты угуу маселеси күн тартибине кирип, бирок Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, көпчүлүк министрлер, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана жооптуу кызматкерлер келбегендиктен, күн тартибинен алынып салынды.

Кышка даярдык маселеси боюнча энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат берди.

Кышка даярдык тууралуу маселе боюнча кароого  Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, көпчүлүк министрлер, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана жооптуу адамдар келген жок. Бир катар депутаттар буга нааразылык билдирди, депутат Акылбек Түмөнбаев маселени күн тартибинен алып коюуну суранды.

“Сооронбай Жээнбеков премьер болгон учурунда ЖКда адвокат болуп отурушуп, ТЭЦ жарылып, эл кыйынчылык көргөн. Бүгүн да өкмөткө адвокат болуп отурасыңар”, “Бүгүн вице-мэр, мэр да жок, ошондуктан добушка коюңуздар, эмкиде Министрлер кабинетинин төрагасы келип, айтып берсин” деди депутат Түмөнбаев

Депутат Гуля Кожокулова тарыхта биринчи жолу энергетикада өзгөчө кырдаал киргизилгенин, суроонун курч коюлганын, ошол себептен Акылбек Жапаров жана өкмөт мүчөлөрү келип отчет бериши керек экендигин белгиледи.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абытов Акылбек Жапаров кечээ командировкадан келип, ооруп, температура болуп, ошентсе да эл аралык форумда отурганын билдирди.

Жанар Акаев сегиз жыл депутат экенин, бирок кышка даярдык көрүү маселесин парламентте кароодо буга чейин бир да жолу премьер-министр келбей калбаганын билдирди.

Өкмөттүн кышка даярдыгы боюнча маселе бүгүнкү күн тартибинен алынып салынды.    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты