“Кыргызтесттин” базасында эл аралык компьютердик тест пункту ачылды

  • 4 месяца мурун

“Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин базасында эл аралык компьютердик тест пункту ачылды. Бул тууралуу президнттин расмий сайтында маалымат берилди.

Анын ачылышына мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, президенттик администрациянын, Министрлер кабинетинин, Жогорку Кеңештин, National Educational Network (NEN) эл аралык компаниясынын, Улуттук илимдер академиясынын, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Мамлекеттик катчы иш-чаранын жүрүшүндө «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин базасында эл аралык компьютердик тест пунктунун ачылышы мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруудагы маанилүү кадам экенин белгиледи.

“Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин базасында ачылган эл аралык компьютердик тест пункту жарандарга заманбап талаптарга жооп берген тестирлөө кызматтарын көрсөтүүгө, ошондой эле мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде таанылган баалоо механизмдерин ишке ашырууга багытталган.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты