Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келди
- 2 года мурун
Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов иш сапары менен келди.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Мейманды «Манас» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Өзбекстандын премьер-министри кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча биргелешкен жыйынына катышат жана Президент менен жолугушат.
Муну бөлүшүү