Кыргызстанга Татарстандын президенти Рустам Минниханов келди

  • 2 года мурун

Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов кечээ, 18-ноябрда Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Рустам Миннихановду «Манас» эл аралык аэропортунан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов тосуп алды.

Маалыматка ылайык, бул сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу жолугушуу болору күтүлүүдө.

Мындан тышкары Миннихановдун кыргыз-татар ишкердик форумуна жана башка иш-чараларга катышуусу пландалууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты