Кыргызстанга ташылып келе жаткан жашылча артка жөнөтүлдү
- 9 месяцев мурун
Казакстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан жалпы 44 тонна жашылча, тагыраагы 22 тонна сабиз жана 22 тонна кызылча тиешелүү фитосанитардык сертификаты жок болгондуктан, кайра жөнөтүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө пунктуна жакын жайгашкан “Жыйынды постунда” карантиндик фитосанитардык текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада, жүктүн фитосанитардык документтери жок экени аныкталган.
Министрликтин маалыматына ылайык, бул продукция фитосанитардык тобокелдиги жогору болгондуктан, ЕАЭБдин талаптарына ылайык, кайра жүк жөнөтүүчү тарапка кайтарылган.
Муну бөлүшүү




