Кыргызстанга Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов келди

  • 2 месяца мурун

25-февралда Кыргызстанга Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов сапар менен келди.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мааламытта айтылгандай, «Манас» эл аралык аэропортунда конокту жана аны коштогон делегацияны тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов тосуп алды.

Cапардын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөр, ошондой эле президент Садыр Жапаров менен жолугушуу пландаштырылган.

Сүрөт: mfa.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты