Кыргызстанга Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Аль-Малики келет
- 1 month мурун
27-28-августта Палестинанын тышкы иштер жана экспатрианттар министри доктор Рияд Аль-Маликинин Кыргыз Республикасына расмий сапары болот.
Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлиги билдирди.
Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелеринин башчыларынын деңгээлинде расмий сүйлөшүүлөр өтөт.
Тараптар кыргыз-палестин мамилелеринин кеңири чөйрөсүн жана аны өнүктүрүү жолдорун талкуулашат, ошондой эле түрдүү тармактарда кызматташуу боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшат.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү