Кыргызстанга Гурбангулы Бердымухамедов иш сапары менен келди
- 3 месяца мурун
Түркмөнстандын Халк маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Борбор Азия өлкөлөрү боюнча сапарынын алкагында Кыргызстанга иш сапары менен келди.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Гурбангулы Бердымухамедовду «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алды.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедовдун эки тараптуу сүйлөшүүлөрү, ошондой эле бир катар маданий иш-чараларга баруулары пландалууда.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү