Кыргызстанга БУУнун балдар укуктары боюнча комитет мүчөлөрү келди

  • 1 месяц мурун

БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин мүчөлөрү Браги Гудбрандссон (Комитеттин төрагасынын орун басары, Исландия) жана Тувайба Аль Барвани (Комитеттин мүчөсү, Оман) Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келишти.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымат жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, иш сапар КР Балдардын укуктары боюнча өкүлүнүн демилгеси жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда.

Иш сапардын алкагында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар, ошондой эле билим берүү, социалдык колдоо жана балдардын укуктарын коргоо жаатында кызматтарды көрсөткөн уюмдар менен таанышуу сапарлары, анын ичинде өзгөчө билимге муктаж, аялуу жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар бар.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты