Кыргызстандын ЖОЖдорунда билим алган 80 студентке президенттик стипендия тапшырылды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 14-декабрда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алган 80 мыкты студент президенттик стипендияга ээ болду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Сыйлоо аземине президент Садыр Жапаров катышып, куттуктоо сөзүн айтты:

«Өз кезегинде орустун атактуу дарыгер-хирургу Николай Пирогов «Жаштар — биздин барометр“ деп так жана таамай аныктама берип кеткен экен. Бул калетсиз айтылган учкул сөз. Деги эле мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшү коомубуздун тазалыгына жана жаш муундардын алган сапаттуу билимине, тандаган кесибине, маданиятына, ыйман-ынсабына түздөн-түз көз каранды».

Мындан тышкары ал өз сөзүндө учурда өлкөдөгү бүтүндөй билим берүү түзүмүн: бала бакчалардан тарта жалпы билим берүүчү орто мектептерди, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларды реформалоо боюнча программа кабыл алынып, ишке ашыруунун жол-жоболору каралып жатканын билдирди.

«Ошондой эле билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, окутуунун мезгил талабына жооп бере турган жаңы программаларын иштеп чыгуу, ага ылайык адис-кадрларды даярдоо, мугалимдер менен окутуучулардын эмгек акыларын көтөрүү маселелерин чечүү боюнча иш-аракеттер күчөтүүлүүдө», — деди Садыр Жапаров.

Өлкөдө 33 мамлекеттик жана 40 мамлекеттик эмес жогорку окуу жай бар. Аларда 219 030 студент билим алууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты