Кыргызстандын туңгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдырахманов дүйнөдөн өттү  

  • 1 год мурун

Кыргыз Республикасынын туңгуч муфтийи, Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар Кеңешинин мурунку чакырылыштарындагы ардактуу мүчөсү Кимсанбай ажы Абдырахманов дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу муфтият кабарлады.

Кимсанбай ажы Советтер Союзунун кысымына, басымына карабай жаштайынан дин илимдерине баш оту менен киришкендиги белгиленди. 1959-1971-жылдары Борбордук Азиядагы белгилүү «Мир-Араб» медресесин, андан соң 1976-1980-жылдары Иорданиядагы Үрдүн мамлекеттик университетинин шарият факультетин ийгиликтүү аяктаган.

Ал өмүрүнүн жарым кылымдык бөлүгүн диний агартууга жумшагандыгы да белгиленди.

Сүрөт: muftiyat.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты