Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү ыктымал
- 1 месяц мурун
13-декабрдан 15-декабрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138- чакырымдарында, тактап айтканда Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүсү күтүлөт.
Бул тууралуу Өзгчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Ошондой эле Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 40-90 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда, Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун Көк-Арт ашуусунда кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болуусу күтүлөт.
Мындан улам жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Иллюстрациялык сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




