Кыргызстандын мектептери бардык диндерди бирдей окутууга өтөт

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров 23-октябрда өтүп жаткан маалымат жыйынында Кыргызстандын мектептери бардык диндерди бирдей окутууга өтсө жакшы болорун билдирди.

“Мектепке дин таануу, бир эле исламга басым жасап окутуу эмес, дин таануу, шариятты билүү боюнча сабак киргизсек жакшы болот эле. Себеби биздин коомчулук алты башка диний агым менен жүрүп жатабыз. Бир эле кыргыз улутубуз, бир эле исламды кабыл алганбыз дейбиз, бирок алты башка агым менен кетип жатабыз. Алардын мүчөлөрү жүз миң дегенге жетип калды. Бул проблеманы мектептен баштап, тамырынан кыркышыбыз керек. 15-20 жылдан кийин таза коом алабыз, -деди. Президент.  

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, жергиликтүү жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйынын өткөрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты