Кыргызстандын Кытай, Түркия жана Өзбекстанда соода өкүлчүлүктөрү түзүлдү

  • 1 год мурун

Кытай, Түркия жана Өзбекстанда Кыргызстандын соода өкүлчүлүктөрү уюштурулду

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрү Кытай, Түркия жана Өзбекстанда уюштурулду.

Мындай чечим  Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, көйгөйлөрдү чечүү жана ата мекендик продукцияларды экспорттоого көмөк көрсөтүү максатында соода өкүлчүлүктөрүн түзүү чечими кабыл алынды. Башка мамлекеттердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, соода өкүлдөрүнүн институту – бул экспортерлорго колдоо көрсөтүүнүн кыйла натыйжалуу механизми.

Сүрөт: Минкабинет жыйынында. Минкаб. басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты