Кыргызстандын куткаруучулары казакстандык кесиптештерине жардам берүүгө даяр экенин билдирди

Казакстанда табияттын кырдаалына байланыштуу кыйын күндөрдү башынан өткөрүп жаткан учур. Мындан улам Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги оор күндөрдө кыйналып турган боордош казак элине жардамга кол сунууга, суу каптоонун кесепеттерин жоюуга даяр экендигин билдирди.

Ал эми Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги кесепеттерди жоюуга өз күчтөрү менен жетишээрин айтышты.

“Учурда аймактарда акырындык менен абал турукташууда. Эгерде абал оорлошо турган болсо, жардам сурапо кайрылабыз” деп кыргыз куткаруучуларына ыраазычылыгын билдиришти.

29-мартта өлкө аймагында күн жылып, жамгыр жаап, кар эрип, дарыялардагы суу көтөрүлүп, айыл-кыштактарын суу каптаган. Кеминде 7 облусу табияттын кырдаалына кабылган.

Анын кесепетинен 1277 үйдү, дачадагы 99 үй, 10 имарат, унаа жолдорун, көпүрөлөрдү суу каптаган. 30 унаа жолу үзлүп, элдин каттамы токтосо, 285 баш ар кандай мал-жандыгы өлгөн.

Учурда Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан 11306 адам эвакуацияланып, анын ичинен 5456 адам убактылуу жашоочу жайларга жайгаштырылган. Өзгөчө кырдаалга кабылган аймактардан жарандарды эвакуациялоо, кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты