Кыргызстандын өкүлдөрү Канн фестивалында кинопродукция стендин тартууламакчы

  • 11 месяцев мурун

Кино үйү “А” класстагы кинофестивалдар катарына кирген ири Эл аралык Канн кинофестивалынын алкагында кыргыз тасма стендинин ачылышын демилгеледи.

Бул тууралуу «Сорос-Кыргызстан» фондунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз киноискусствосунун совет доорунан тартып ушу күнгө чейинки татыктуу тарыхы бар. Акыркы он жыл аралыгында режиссерлорубуз кыргыз жана Орто Азия киносунун өнүгүүсүнө зор салым кошкон толук метраждуу оюн тасмаларын жаратышты. Ар кыл муундун белгилүү кинорежиссерлору жараткан “Сүтак”, “Кентавр”, “Көч”, “Курманжан Датка”, “Атанын керээзи”, “Шамбала”, “Акыркы көч”, “Дарак ыры”, “Көл” жана башка тасмалар беделдүү эл аралык кинофестивалдардын лауреаттары болууга жетишти. Бирок, муну менен гана тим болбостон болочок кызматташуу жана коллаборация, тажрыйба алмашуу максатында тасмаларбызды чет жакага таанытуу багытында активдүү жана ар тараптуу маалыматтык иштерди жүргүзүүбүз зарыл.

Так ушу максатта Кино үйү “А” класстагы кинофестивалдар катарына кирген ири Эл аралык Канн кинофестивалынын алкагында кыргыз тасма стендинин ачылышын демилгеледи.

Байыркы фестивалдардын бири болгон аталган фестиваль 1946-жылы түзүлүп, ар жылы май айда Канн шаарында өтүп турат.

Быйыл 76-фестивалы 16-майдан 27-майга чейин өтмөкчү.

1959-жылы негизделип, дүйнөдөгү ири кинорыноктор тизмесин толуктаган Marché du Film Эл аралык Канн кинофестивалынын алкагында өз ишин алып бармакчы.

2023-жылга карата кино өндүрүшүнүн 12 500 кесипкөй чебери тасмалары менен долбоорлорун тартуулап, жыл сайын Каннга келип турат. The Marché du Film аудиокөрүү индустриясынын түрдүү катышуучуларынын башын бириктирип, алардын өз ара алакалашуу, биргелешип өндүрүү, каржылоо жана тасмаларды жайылтуу сыяктуу ишкер мүмкүнчүлүктөрүн талкууга алып, байланыш түзүүсүнө өбөлгө түзүү максатын көздөйт.

Кыргыз стендинин көргөзмөсү Кинематография департаментинин каржылоосунда президенттин “Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын улуттук кинематографияны дүйнөлүк кинопроцесстерге интеграциялоо, кинопрокат системасын өнүктүрүү жана улуттук тасмаларды, сериалдарды жана анимациялык тасмаларды дүйнөлүк кинорынокто илгерилетүү үчүн шарттарды түзүү сыяктуу милдеттерин жүзөгө ашыруу максатында пландалып, уюшулду.

Башкалар  менен катар «Сорос-Кыргызстан» фонду, «Дөөлөт курулуш» курулуш компаниясы, «Синематика» кинотеатрлар тармагы да «Kyrgyz Сinema» стендинин уюшуусун жана жасалгасын колдоого алышты.

Сүрөттө: Канн фестивалы үчүн даярдалган Кыргыз тасма стенди. «Сорос-Кыргызстан» фондунун басма сөз кызматы тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты