Кыргызстандын эки жараны Өзбекстандын чек арасында каза тапты
- 10 месяцев мурун
28-августта Өзбекстандын чек арачылары Өзбекстандын аймагында, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан кесилишкен жерде 15-августта эки жаранды көрүп, кармоо аракети көрүлгөндө, ал жарандар талапты аткарбай качканда, ок чыгарылганын билдиришкен. Анын натыйжасында эки жаран алган жаракатынан көз жумган.
Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми 25-августта Кыргызстандын укук коргоо органдарына эки жаран дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу арыз түшкөн.
31-августта дайынсыз болуп жаткан эки жарандын туугандары Өзбекстанга барып, көз жумгандардын сөөгүн тастыкташкан. Маркумдар бир тууган болгону айтылууда.
1-сентябрда “Баймак” өткөрүү пункту аркылуу эки жарандын сөөгү Кыргызстанга өткөрүлүп берилген. Эки өлкөнүн чек арачылары окуяны 2-сентябрда жеринде териштиришмекчи.
Чек ара кызматы аталган окуяга терең кайгыруусун билдирди. Кыргызстандык эки жарандын каза тапкандыгы боюнча териштирүү болуп, анын жыйынтыгы коомчулукка жеткирилээри айтылды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




