Кыргызстандын чет өлкөлүк шайлоо тилкелеринде добуш берүү аяктады
- 9 месяцев мурун
Бишкек убактысы боюнча 1-декабрында түн жарымда Россия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабия, Катар, Египет жана Кувейт мамлекеттеринде жайгашкан Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк шайлоо тилкелеринде жана 1-декабрь саат 10:00гө чейин калган тилкелерде добуш берүү аяктады.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрилигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымат берүү учурунда 80 тилкеде аяктап, 20 тилкеде шайлоо уланып жатканы айтылган. Бул участоктор — АКШ, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Австрия, Чехия, Словакия, Италия, Бельгия, Швейцария жана Франция. Акыркы болуп добуш берүү процесси АКШнын Сан-Франциско шаарында жайгашкан шайлоо участогунда — 1-декабрда, Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө аяктады.
Саат 00:00гө карата добуш берүүгө катышкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны 25 458 адамды түздү.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү Кыргызстанда 30-ноябрда саат 20:00дө аяктады. Бардык шайлоо тилкелери ишин жыйынтыктады.
БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялап жатат.
Сүрөт: ТИМ




