Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт
- 2 года мурун
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
13-15-октябрда абанын температурасы төмөндөйт:
-Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0…- 2° үшүк жүрөт, күндүз 5…10°;
-Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде -1…-3°, күндүз 4…9°;
— Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде -1…-3°;
-Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 11…16°;
-Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0…-2° , күндүз 5…10°;
— Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…+2°, күндүз 4…9° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 1…6° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6° суук болушу күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-14-октябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.