Кыргызстандыктарды Россияга мыйзамсыз жумушка тартуу аракеттери токтотулду

  • 2 месяца мурун

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен бирге Россияга иштөө үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын мыйзамсыз жумушка тартуу аракетиy токтотконун билдирди.

Борборго түшкөн маалыматтарга ылайык, Бишкек шаарындагы Кадырбай-Ата көчөсү 1, дарегинде Кыргызстандын жарандарын Россияга ишке орноштурууга багытталган мыйзамсыз иш-чара уюштурулган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган иш-чараны уюштурган жактар Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга тиешелүү уруксаты жок экени аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ИИМдин кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 95-беренесине ылайык («Жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк») административдик протокол түзүлдү.

Борбор чарба жүргүзүүчү субъекттерди, юридикалык жана жеке жактарды Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укук берилген расмий уруксаттын болушу мыйзам талабы экендигин эскертет.

Борбор Кыргыз Республикасынын жарандарына сак болууга жана чет өлкөдө иш сунуштаган агенттиктердин уруксат документтеринин бар экендигин текшерүүгө чакырат. Агенттиктин мыйзамдуу иш жүргүзүп жатканын Борбордун расмий сайты аркылуу текшерүүгө болот.

Сүрөт: Эмгек министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты