Кыргызстандык жөө күлүктөр Парижде өтө турган олимпиадага жолдомо алды

  • 3 месяца мурун

Кыргызстандык жөө күлүктөр Сардана Трофимова жана Илья Тяпкин Парижде өтө турган олимпиада оюндарына жолдомо алышты.   

Кыргызстандык спортчулар олимпиада нормасын аткара алышкан жок, бирок алар марафонго катышат.

Стамбул шаарындагы мелдеште 125 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан кыргызстандык балбан Айаал Лазарев 2024-жылкы Парижде өтө турган олимпиада оюндарына жолдомо жеңип алды.

Келерки олимпиада оюндарына кыргызстандык спортчулардан Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, грек-рим күрөшүнөн Амантур Исмаилов, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев жана сууда сүзүүдөн Денис Петрашов, балбан Үзүр Жусупбеков жеңип алган. Бул катарга Айаал Лазарев 11-болуп кошулду.   Сардана Трофимова жана Илья Тяпкин менен эми кыргызстандыктарда олимпиада оюндарына 13 жолдомо бар.

Кыргызстандык жөө күлүктөр Парижде өтө турган олимпиадага жолдомо алды

Сүрөттө: Илья Тяпкин. Интернет булактарынан

Баш сүрөттө: Сардана Трофимова. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты