Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Гималайдын эң бийик жана татаал чокусун багындырды

  • 6 месяцев мурун

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов 25-октябрда Гималай тоосунун Ама-Даблам аттуу эң бийик жана татаал чокусуна чыкты.

Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасында маалымдады.

«Базалык лагерден баштап чокуга чыгуу жана кайра башкы лагерге кайтуу убактысы 3 күн жана 5 саатка созулду. Альпы стилинде ротациясыз жана акклиматизациясыз өттүм. Барып-келүүмдүн убактысы тууралуу менден тажрыйбалуу альпинисттер айтсын. Бул чокуну багындыруумду сүйүктүү өлкөм – Кыргызстаныма арнайм. Аман-эсенмин жана Мекениме кайтып келемин” деди Эдуард Кубатов.  

   

Сүрөт: Эдуард Кубатовдун Фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты