Жеңиш чокусунда калган альпинист Наталья Наговицинага жардам көрсөтүүгө жөнөтүлгөн тик учак кайра кайтты

Жеңиш чокусу жайгашкан аймакта аба ырайы кескин төмөндөп, учууга тоскоолдук жараткандыгына байланыштуу 25-августта өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) тик учагы чет өлкөлүктөр менен бирге Чүй облусунун Аламүдүн районундагы туруктуу ордуна кайтып келди.

24-августта Ысык-Көл облусундагы Жеңиш чокусунда калган россиялык альпинист Наталья Наговицинаны алып түшүү, башка туристтерге жардам берүү максатында ӨКМдин авиациялык ишканасынын Airbus H-125 тик учагы жөнөтүлгөн. Тик учак менен жардам берүү үчүн чет өлкөлүк тажрыйбалуу учкуч, альпинист куткаруучу, инструктор Каркырадагы базада эки күн болушкан.

Жеңиш чокусу жайгашкан аймакта аба ырайы кескин төмөндөп,  учууга тоскоолдук жараткандыгына байланыштуу, 25-августта министрликтин тик учагы чет өлкөлүктөр менен бирге Чүй облусунун Аламүдүн районундагы туруктуу ордуна кайтып келди.

ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Мирлан Карабаевдин айтымында, Ысык-Көл облусундагы альпинисттерди өзүнө тарткан бийик чокулар жайгашкан өрөөнгө суук эрте түшүп, чокуга көтөрүлчү альпинисттер лагери Каркырадагы негизги базасына көчүп келген.

2025-жылдын 12-августунда Россиянын жараны Наталья Наговицина Жеңиш чокусунан түшүп келе жатып, деңиз деңгээлинен 7200 метр бийиктикте жаракат алган. Ага бир нече ирет куткаруу аракеттери “Ак-Сай трэвэл” туристтик компаниясы тарабынан жүргүзүлдү.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жеңиш чокусундагы кырдаалды көзөмөлдөп, аталган туристтик компания менен тыгыщ байланышып турганын билдирди.    

  

Сүрөттө: Наталья Наговицина. Интернет булактарынан 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты