Кыргызстандан кара металлдарды ЕАЭБдин аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

  • 2 года мурун

Кыргызcтандан кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргызстандан кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын, эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихта куймаларын) ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары экспорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды.

Аталган чечим документ расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты