​Иран уранды каалаган деңгээлде байытат

  • 5 лет мурун

Иран президенти Хасан Роухани уранды байытууга киргизилген чектөө аткарылбай турганын билдирди.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Ал АКШны өзөктүк келишимди кайрадан таанууга чакырды.

Роуханинин айтымында, Иран каалаган деңгээлде уран байытат. Президент Вашингтон менен макулдашууга жетишсе, чечим “бир сааттын ичинде” жокко чыгарыларын белгилеп, эл аралык коомчулукту тынчсызданбоого чакырды.

Роухани Эгер АКШ Тегеранга болгон санкциялык басымды азайтпаса, Арак шаарындагы реактордун ишин жандандыранын кошумчалады.

Реактор 2015-жылы Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишим түзүлгөндөн кийин жабылган. Анда Тегеран өзөктүк курал эмес, электр кубатын өндүрүү үчүн 3,6% гана уран байытууга макул болгон.

Дүйшөмбүдө Иранда аз байытылган урандын запасы 2015-жылдагы эл аралык келишимде каралган 300 килограммдык лимиттен ашып кеткени расмий белгилүү болгон.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) бул маалыматты ырастап, Иран АКШнын эл аралык келишимден чыкканына жооп кайтарып жатканын билдирген.

АКШ өткөн жылы май айында эл аралык келишимден чыгып кеткен жана Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты