Кыргызстанда убакытты бир саат артка жылдыруу сунушталууда   

  • 8 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Миргүл Темирбаева Адылбек Акматов менен дарыгер Нуралы Койлубаев Кыргызстан убактысын 1 саат артка жылдыруу боюнча коомчулукка сунуш кылганын айтып, жооптуу мамлекеттик органдарга бул сунушту карап чыгууну суранды.

«Бул сунушту көп жарандар социалдык тармактарда колдоп жатышат. Алардын айтымында, убакытты артка жылдыруу менен элдин психикалык саламаттыгын сактап, жаш балдарды таң эрте менен мектепке жана бала бакчага алып барууда бир катар түйшүктөрдөн арылса болот. Ошондой эле электр энергиясын үнөмдөө менен өлкөнүн экономикасына бир аз болсо да салым кошулат» деди.

Ошондуктан, жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргызстандагы убакытты бир саат артка жылдырууну Министрлер кабинети тарабынан карап чыгууга протоколдук тапшырма берүүнү сунуш кылам» деди депутат  Темирбаева.

Бул пикирди депутат Сүйүнбек Өмүрзаков да колдоду

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты