Апрель окуялары эскерилди
- 1 месяц мурун
- Фоторепортаж
Бүгүн, 7-апрелде, 2010-жылдагы апрель окуяларында курман болгондордун элеси эскерилди.
Эскерүү иш-чарасына мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана башка расмий адамдар катышты.
Ал 2010-жылдагы элдик апрель революциясынын баатырларынын урматына арналган «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги мемориалга гүл койду. Ошондой эле аларга багышталып куран окулду.
2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон.









Сүрөт: president.kg жана Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




