Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды

  • 3 года мурун

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо башталды. Шайлоо тилкелери эрте мененки саат 8:00дө ачылды. Добуш берүү кечки саат 20:00гө чейин улантылат.

Бул жолу парламенттик шайлоо адаттагыдан айырмаланып, аралаш система боюнча өтүп жатат. Ага ылайык, Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланып келет. Анын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат.

Шайлоочулар эки бюллетенге добуш беришет. Биринчи бюллетенде партияны жана ошол партияда өзү колдогон талапкердин катар номурун белгилешет. Бул ыкма Кыргызстанда алгач ирет колдонулуп жатат.

Экинчи бюллетенде бир мандаттуу округдан катышып жаткан талапкерлерге добуш берилет.

Бюллетендерде «баарына каршы» деген графа дагы бар.

Шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер, бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 2494 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 59у чет өлкөдө. Шайлоо комиссияларында 30 миң 508 адам иштеп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты