Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарга укуктук абалын легалдаштырууга мөөнөт берилди
- 7 месяцев мурун
Кыргыз Республикасынын президентинин 2025-жылдын 22-майындагы № 164 “Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык, ушул жылдын 10-июнуна чейин Кыргыз Республикасында болуу эрежелерин бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын легалдаштыруу үчүн мөөнөт берилген.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги (ТИМ)23-майда билдирүү жасады.
2025-жылдын 10-июнуна чейин чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар депортация коркунучу жок жана айып пул төлөбөстөн Кыргыз Республикасынын аймагынан өз ыктыяры менен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Алардын КР аймагында болушун мыйзамдаштыруу үчүн эмне кылуу керек:
— жарактуу паспортко ээ болуу;
— КР тышкы иштер министрлигине (виза алуу үчүн), КР эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине (жашап турууга уруксат алуу үчүн) же “Кызмат” мамлекеттик ишканасынын калкты тейлөө борборлоруна (каттоо эсебине коюу үчүн) кайрылуу керек;
— жашоого укук берүүчү документтерди (виза, бирдиктүү уруксат, каттоо, жашап турууга уруксат) тариздөө үчүн негиздерди берүү (максаттарына жараша);
— ички иштер органдарынан (РИИБдин кайсы болбосун бөлүмүнөн) мыйзамдаштыруу үчүн тоскоолдук кылуучу материалдардын жоктугун ырастаган каттын болуусу абзел.
Жогоруда аталган документтерди тариздөө боюнча жол-жоболор өзгөрбөгөндүгүн белгилей кетүү маанилүү, демек, арыз ээси кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн белгиленген тартипте кайрылат.
Ушуга байланыштуу, Министрлик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун ыңгайлуулугу үчүн өлкөнүн аймагында болууга укук берүүчү документтерди тариздөө боюнча жол-жоболор электрондук форматка өткөндүгүн эскертет:
– визаны же “Бирдиктүү уруксатты” тариздөө үчүн арызды “Электрондук виза” порталы аркылуу берүү зарыл (www.evisa.e-gov.kg).
– каттоо эсебине коюу үчүн – “Онлайн каттоо” порталы аркылуу (www.ereg.e-gov.kg).
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




