Кыргызстанда май айынан тартып электр энергиясынын баасы кымбаттары айтылды
- 1 месяц мурун
2025-жылдын май айынан тартып электр энергиясына болгон баа кымбаттайт. Электр энергиясынын 1 кВт саат элге 26 тыйын кошулуп, 1 сом 37 тыйындан болот. Ал эми өндүрүш уюмдарына 31 тыйын кошулуп, 1 кВт электр энергиясы үчүн акы 3 сом 49 тыйын болот.
Бул тууралуу бүгүн, 14-январда, Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында депутататтын баа тарифи боюнча түшүндүрмө берип коюу тууралуу суроосуна жооп берип, энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
-Тариф саясаты боюнча бир мүнөттүк түшүндүрмө берип койбойсузбу? Биз элге жана коммерциялык уюмдарга тарифти канча сомдон коюп берсек, мамлекетке зыяны тийбегендей болот? -деп суроо узатты депутат Жеңишбек Токторбаев министр Ибраевге.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев мындайча жооп берди:
-Тарифти былтыр 1 сом 11 тыйынга көтөргөнбүз, 2025-жылы май айынан баштап инфляцияга байланыштуу, ошол 1 сом 11 тыйынга 26 тыйын кошулат. Май айынан баштап 1 сом 37 тыйын төлөйт. Ал эми өнөр жай керектөөчүлөр бүгүнкү күндө 3 сом 18 тыйындан төлөп жатат. Ал эми 2025-жылдын май айынан баштап, 3 сом 49 тыйындан төлөйт, -деди энергетика министри Ибраев.
Ошондой эле депутат Токторбаевдин коңшу мамлекеттердеги электр энергиясынын тарифтери тууралуу суроосуна энергетика министри Ибраев мындай жооп узатты:
-Кошуна мамлекеттерде Өзбекстанда элге 1 кВт (сомго которгондо) 2 сом 60 тыйын, Украинада 3 сом 90 тыйын, Азербайжанда 4 сом 70 тыйын, Казакстанда 4 сом 90 тыйын, Россияда 6 сом 60 тыйын.