Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча илимий  иштер жүргүзүлдү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 10-ноябрда, «Сорос-Кыргызстан» фондунун кеңсесинде Кыргызстандагы коррупция маселелерин изилдеген эксперттер менен жолугушат. Катышуучу уюмдар жана эксперттер Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы мүмкүн болуучу тобокелдиктерди аныктоодон баштап, студенттердин билим берүү тармагындагы коррупцияга болгон мамилесин изилдөөгө чейинки багыттар боюнча 6 илимий эмгектин жыйынтыктарын сунушташат.

Бул тууралуу «Сорос-Кыргызстан» фондунун басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын февраль айында «Сорос-Кыргызстан» фондунун «Демократиялык башкаруу» программасынын алкагында «Кыргызстандагы коррупциянын көйгөйлөрүн изилдөө» деген темада эксперттик уюмдардын арасында изилдөө жүргүзүү үчүн ачык гранттык сынак жарыяланган.

Демократиялык башкаруу программасынын директору Эмил Жураевдин айтымында, өлкө жетекчилиги коррупцияга каршы күрөштү өзүнүн башкы приоритети катары дайыма  белгилеп келет. Бирок кырдаал анча деле өзгөрбөй, Кыргызстан коррупциянын деңгээли өтө жогору өлкө катары калууда жана бул көрүнүш коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө жана деңгээлинде байкалууда.

«Бүгүнкү иш-чарада фонддун өзүнө да, башка бардык кызыкдар тараптарга дагы Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү боюнча мындан аркы демилгелер жана чаралар үчүн бекем негиз берүү үчүн иштелип чыккан 6 өзүнчө изилдөө көрсөтүлөт» дейт Эмил Жураев.

Келечекте «Сорос-Кыргызстан» фонду алынган жыйынтыктардын жана сунуштардын негизинде коррупцияга каршы натыйжалуу чараларды аныктоо жана жайылтуу, зарыл чараларды жана демилгелерди алдыга жылдыруу боюнча ушул жана башка изилдөөчүлөр менен кызматташууну улантууну пландаштырууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты