Кыргызстанда бир айда сегиз миңдей субъект ККМ колдонууга өттү

  • 3 года мурун

Кыргызстанда бир айдын ичинде 7,8 миң субъект кассалык аппарат (ККМ) колдонууга өттү. 20-январга карата ККМ колдонгон субъекттердин жалпы саны 32,5 миңге жетти. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда ККМнын эки — аппараттык жана программалык түрү колдонулуп жатат.

Президент Садыр Жапаров 18-январда жаңы Салык кодексине кол койгон. Бул документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субьекттеринде жапырт көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү жобосу камтылганы айтылган. Өкмөт муну бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрүн көбөйтүү максаты менен негиздеген.

Буга чейин кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы «Дордой», «Дордой Моторс» жана «Таатан» өңдүү ири базарлардагы соодагерлер нааразылык акциясына чыгышкан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 12-январда Бишкектеги «Дордойдо» иштегендер жолуккан. Анын жыйынтыгында тиешелүү министрлик-мекемелердин өкүлдөрү менен соодагерлерден турган жумушчу топ түзүү, чакан бизнес үчүн кассалык аппараттарды колдонуунун жеке шарттарын иштеп чыгуу тууралуу чечим кабыл алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты