Кыргызстанда «КАМАЗдын» электробустарын чыгаруучу автомобиль заводун ачуу пландалууда

  • 2 года мурун

Кыргызстанда «КАМАЗ» коомдук акционердик коомунун электр автобустарын чыгаруучу автомобиль заводун ачуу пландалууда. Бул тууралуу «Кыргызстан – Татарстан» ишкердик форумунда Татарстандын Соода-өнөр жай палатасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ильдар Сыдыков билдирди.

«Бизде Кыргызстанда «КАМАЗдын» электробустарын чыгаруучу автомобиль заводун жана Казань шаарында Кыргызстандын башкы консулдугун ачуу боюнча так макулдашуулар бар».

Мындан тышкары Ильдар Сыдыков Бишкекте өтүп жаткан форумдун алкагында кыргыз ишкерлери Татарстандын бизнес чөйрөсү менен B2B форматында түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ишкердик байланыштарды түзө аларын жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулай алышарын белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев жана Татарстандын президенти Рустам Миннихановдун катышуусунда ишкердик форуму өтүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты