Кыргызстанда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

  • 1 месяц мурун

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 09:33тө Кыргызстандын аймагында MSK-64 шкаласы боюнча очогунда 5 баллдык жер титирөө катталды.

Жер титирөө күчү Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кызыл-Туу жана Казыбек айылдарында 4,5 баллга, Кара-Булуң жана Кара-Суу айылдарында 4 баллга чейин сезилген. Ал эми Ак-Жар, Ат-Башы айылдары менен Ак-Талаа районунун Баетов, Терек жана Ак-Чий айылдарында жер титирөө 3,5 баллга чейин байкалган.

Учурда жабыркагандар жана материалдык зыяндар тууралуу тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты