Кыргызстанда Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун  филиалы ачылат   

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров  Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун («GGGI») башкы директору Франк Рейсберман жетектеген делегацияны кабыл алды.Жолугушууда белгилүү болгондой, апрель айында Кыргызстанда «GGGI» институтунун филилы ачылат.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу багыттарын, анын ичинде жашыл экономиканы өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча келечектүү долбоорлорду жана программаларды талкуулашты.

«Биздин өлкө 2030-жылга карата парник газдарын бөлүп чыгарууну 44% кыскартууну максат кылууда. 2050-жылга чейин жашыл өнүгүү платформасында биз көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кылабыз. Локомотив катары энергиянын кайра жаралуучу булактары, биринчи кезекте гидроэнергетика болот» деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Франк Рейсберман өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдирип, үстүбүздөгү жылдын апрель айында республикада «GGGI» филиалын ачуу пландалып жатканын белгиледи.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты