Кыргызстанда Фейсбуктагы шайлоо боюнча саясий жарнамага 28 миң долларга жакын төлөнгөн

  • 2 года мурун

2021-жылдын 21-августунан 18-ноябрына чейин Кыргызстан боюнча  Facebook”тун китепканасында жалпы суммасы 27 917 АКШ долларына жеткен саясий жарнама жайгаштырылган.    

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык бөлүмү билдирди.

Үгүттөө жана каржылоо боюнча БШКнын жумушчу топтору Фейсбуктагы саясий жарнамага мониторинг жасоодо.  

Мурдараак Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан  Meta (Facebook) глобалдык компаниясына парламенттик шайлоого катышуу үчүн катталган бардык талапкерлердин тизмесин берилген.  

Белгилүү болгондой, мындай макулдашууга 2021-жылдын 9-ноябрындагы КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекованын Facebook”тун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда жетишилген.

Facebookтун мамлекеттик саясат боюнча башкаруучу директору  Джордж Чен онлайн жолугушууда: 

«КР БШК үчүн Meta (Facebook) санариптик китепканасы Facebookту пайдалануучуларды эсепке алуучу жазуудан, катталган аккаунттардан чыккан потенциалдуу саясий жарнамага мониторинг жасоо үчүн керек болгон бардык маалыматты алуунун эӊ сонун булагы болот» деди.

Саясий жарнамалардын баары коомдук мааниге ээ, шайлоолорго же саясатка байланышкан маселелер Китепкананын жарнамасына киргизилет, ал www.facebook.com/ads/library/report дареги боюнча жеткиликтүү, мында үстүнкү баракчада Кыргызстан өлкөсүн тандоо керек. 

Талапкерлердин өздүгү аныкталган тигил же бул эсепке алуучу жазуудан чыккандардын баары санариптик китепканада чагылдырылып турат. Соцтармак командасы верификациялоо боюнча чараларды көрөт.

«Верификация бул талапкерлердин жалган аккаунттары үчүн кооптуулукту төмөндөтүү үчүн эӊ сонун ыкма, биз муну башка өлкөлөрдө да жасайбыз, Кыргызстанда саясий контент, жарнама менен байланышкан нерселердин бардыгына карата да ушуну колдонобуз»  деп түшүндүрдү  Джордж Чен.

БШК текшерүүчү-ревизиялык тобу Facebook жана Instagram социалдык тармактарында саясий жарнамаларды жайгаштыруу үчүн төлөмдөргө мониторинг жасайт жана саясий жарнаманы жайгаштыруу үчүн милдеттүү түрдө тийиштүү шайлоо фондунан төлөм жасалышы керектигин саясий партиялардын, талапкерлердин эсине салат. 

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты