Кыргызстанда эки нөөмөт менен иштей турган дагы 270 бала бакча курууга тендер жарыяланды  

  • 5 месяцев мурун

Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча уюштурулуп жатат. Анын ичинен 290 бала бакчанын имаратын жергиликтүү бийлик берген, учурда аларды оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Дагы 270 бала бакчаны курууга тендер жарыяланды.

Дүйнөлүк банктын басма сөз кызматы кабарлагандай, бул бала бакчаларда наристелер күндүз үч саат болушат. Негизги көңүл балдарды өнүктүрүүгө бурулуп, тамак берилбейт жана балдар бакчада уктабайт. Мындай бала бакчалар эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.

Кыска убакыттагы бала бакчалар Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлорунун алкагында түзүлүүдө.

22-ноябрда Билим берүү жана илим министрлигинин жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда түзүлүп жаткан бала бакчалардагы оңдоо иштери менен таанышты.

Өкмөттүн маалыматына караганда, Кыргызстанда 1-6 жаштагы 960 миңдей баланын 740 миңдейи бала бакчага барбайт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 20-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында бала бакчалардын жетишсиздигин белгилеп, балдарды эки нөөмөт менен кабыл алуу зарылчылыгын айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты