Бишкекте Айтматов проспектисинде жер алдындагы өтмөк жана аялдама куруу иштери жүрүүдө
- 5 месяцев мурун
Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов проспектисинде жер алдындагы өтмөк жана аялдама куруу иштери жүрүп жатат.
Анын курулушу 2026-жылдын 1-январында бащталган.
Долбоордун алкагында Семетей көчөсүнөн Апсамат Масалиев проспектисине чейинки тилкеде жер алдындагы 4 өтмөк куруу пландалууда. Ч.Айтматов проспектисиндеги жер алдындагы бир өтмөк пайдаланууга берилди. Мындан тышкары, Ахунбаев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки аралыкта заманбап талаптарга жооп берген жаңы 16 аялдама комплекси орнотулат.
Курулуш иштеринин башталышына байланыштуу Чыңгыз Айтматов проспектисинин Апсамат Масалиев проспектисинен Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды.
Сүрөт: Курулуш эскиздери. bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




