Кыргызстанда чыгарылган товарларга артыкчылык берилет

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров экономиканын айрым тармактарындагы товарларды улуттук режимден алып салуу жөнүндө тескемеге койду.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Документке ылайык, Кабинетине мамлекеттик сатып алуулар үчүн ата мекендик өндүрүш товарларына белгиленген тартипте улуттук режимди алып салуу тапшырылды.

Бул чечим ошондой эле уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 50 жана андан ашык пайызды түзгөн мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, акционердик коомдорго өнөр жай продукциясын ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн товарларды артыкчылыктуу негизде сатып алуу сунушталды.

Улуттук режимди алып салуу ата мекендик өндүрүшкө мамлекеттик сатып алууларда чет элдик товарларга караганда артыкчылык берилет.

Сүрөт: president,kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты