Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы жасалууда

  • 2 месяца мурун

10-11-июнда өлкөдө алгач ирет боор алмаштыруу операциясы жасалат.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, эки бейтаптын боору алмаштырылат.

Операцияны Түркияда атайын окуудан өтүп келген жергиликтүү дарыгерлер жасайт. Операция учурунда түрк адистери көмөктөшөт.

 “Учурда боор алмаштыруу үчүн алты бейтап жана алардын донорлору даярдыктан өтүп, кезекте турат. Өлкөдө былтыр бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалган. Андан бери он чакты бейтапка операция жасалды. Кезекте 110 бейтап турат” деп белгиленет маалыматта.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты