Кыргызстанда 25 майнинг-ферма бар экени айтылды

  • 4 недели мурун

Кыргызстанда 25 майнинг-ферма каттоодон өткөндүгүн бүгүн, 2-апрелде, энергетика министринин орун басары Атабек Абылгазиев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында айтты.     

Энергетика министринин орун басары Атабек Абылгазиев бүгүн, 2-апрелде, Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында баяндаманы окуп бергенден кийин, депутат Тазабек Икрамов майнинг-фермаларга уруксат берилип, калктын электр жарыгы өчүрүлүп жатканын билдирди:  

-Майнингге жол бербеш керек болчу. Силерге чейинки министрлердин эч кимиси майнингге жол берген эмес. Бүгүнкү күнү болбогон тыйынга майнингге уруксат берип, эмне деген энергияны ошол жакка кетирип атасыңар. Азыр кайсы үнөмдөө боюнча келип жатасыңар?-деди Икрамов.

Ошондой эле депутат Икрамов министрдин орун басары Абылгазиевден Токтогул ГЭСиндеги майнинг-ферма жана Ширшов тууралуу суроо узатты.    

Атабек Абылгазиев депутаттын суроосуна жооп берди:

-Башында майнингдер иштеген. Жалпы 25 майнинг регистрациядан өтүптүр. 8 майнинг- ферма чакан ГЭСтерден өздөрү түзгөн келишим менен электр жарыгын алат экен. Бизде алар менен түзгөн бир да келишимибиз жок. Кеминдеги “Соларкоин” деген майнинг ферма Орусиядан Казакстан аркылуу транзит менен электр энергиясын алат экен” деди министрдин орун басары.

Ошондой эле министрдин орун басары Абылгазиев Ширшов тууралуу билбей турганын, бирок ал тууралуу укканын айтты.     

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 6-мартта Жогорку Кеңеште “ушул тапта Кыргызстанда бир гана майнинг компания бар экенин, ал электр энергиясын Казакстандан өзү түз сатып алып жатканын” айткан.

Өлкөдө 2010-жылга чейин таасири күчтүү болуп турган Алексей Ширшов  Кыргызстандагы энергетика тармагын толук көзөмөлгө алып, коррупциялык схемаларды түзгөнү маалым болгон. “Ширшов схемасы” деген атка конгон схемада электр энергиясын “өлүү адамдарга” жаздыруу жана тендерлерди “өз кишилерине” уттуруу сыяктуу кадамдар жасалып келгени айтылат. 

“Бакиевдик режимдин” таасирдүү мүчөсү болгон Алексей Ширшов 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Андан кийин ага эл аралык издөө жарыяланып, экономикалык кылмыштар боюнча айып тагылган. 2019-жылы Бишкек ЖЭБин модерницазиялоодогу коррупциялык иш боюнча УКМКнын тапшырмасы менен Латвияда сурак берген. 

Бирок кармалгандан көп өтпөй  Алексей Ширшов кайра үй камагына чыгарылган.  

Сүрөт: Майнинг ферма

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты