Кыргызстанда 163 миңге жакын бала мектепке катталды
- 11 месяцев мурун
2025–2026-окуу жылы үчүн Кыргызстан боюнча 163 миңге жакын бала мектепке электрондук түрдө каттоодон өттү. Каттоо 1mektep.edu.gov.kg порталы аркылуу жүргүзүлүп жатат.
Катталган балдардын ичинен 2 300гө жакыны ар кандай социалдык жеңилдиктерге ээ. Бишкек шаарында 13,5 миң бала 1-класска, ал эми 15,6 миң бала 2-класска кабыл алынды. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 126 миңден ашык бош орун дагы бар. Бул ата-энелер үчүн балдарын каттоого жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзүп жатканын билдирет.
Электрондук каттоо 2-июндан баштап баланын жашаган жери боюнча жүргүзүлүүдө. Каттоо иштери 15-августка чейин уланат.
Муну бөлүшүү




