Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсияны көтөрүү пландалууда
- 11 месяцев мурун
Кыргызстанда 2025-жылдын 1-октябрынан тарта пенсияны жогорулатуу пландалууда. Социалдык фонд тиешелүү токтом долбоорун даярдады. Аталган долбоордо пенсияга 600 сомдон 5 миң сомго чейин кошуу сунушталган.
Социалдык фонддун маалыматы боюнча, бул үчүн бюджеттен 2 миллиард 43 миллион сомдон ашык каражат талап кылынат. Пенсиясы 50 миң сомдон жогору болгон жарандар үчүн индексация суммасы 5 миң сомдон ашпайт.
Мындан тышкары, 1-октябрдан кийин жаңы дайындалган пенсиялар пенсионердин жашоо минимумунан (болжол менен 7,1 миң сом) төмөн болбошу керек.
Ал эми орточо пенсиянын көлөмү 11 миң 226 сомго жетери болжолдонууда. Октябрда Кыргызстандагы пенсионерлердин саны 818,7 миңге жетет деп күтүлүүдө.
Муну бөлүшүү




